Кечээ Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде жардыруучу зат орнотулду деген маалымат тастыкталган жок

Кечээ 102 милиция кызматына Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде жайгашкан "Бета Сторес" соода түйүнүндө жардыруучу зат орнотулду деген маалымат келип түшкөн. Бишкек шаардык ИИБи аталган соода түйүнүн текшерип чыгып, жардыруучу затты табышкан жок. Эске салсак, бизде телефондук террорчулук жат көрүнүш эмес. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында борбор шаарыбыздагы 3 соода түйүнүндө жардыруучу зат бар деген маалымат түшүп, бирок ал маалымат калп экендиги аныкталган.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан