Баткендеги Өрүкзар аймагынан авиациялык жардыргыч табылды. Муну Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, авиабомба 4-июль күнү "Баткен" чек ара отрядындагы "Коргон" чек ара тозотунун аймагында чек аралардын бекемдиги менен коопсуздугун көзөмөл кылуу үчүн түзүлгөн атайын иликтөө-издөө иштерин жүргүзүү учурунда табылган. Учурда жардыргычтын маркасы тааныла элек. Атайын адистер тобу аталган жерге жетип, аны жок кылгандан кийин белгилүү болот. Жардыргыч жаткан жерге унаа бара албай турганы, анткени унаа жүрүүчү жол жок экени айтылды.