Ош облусунун Алай районунда республикалык бюджеттин эсебинен эки балдар бакчасы курулууда. Анын бири - Гүлчө айылындагы №2-балдар бакчасы. Каржы министрлигинин билдиришинче, имараттын курулушу 2014-жылы башталган, жалпы баасы 38,8 миллион сом. "Аталган балдар бакчасынын курулушу башталгандан тарта республикалык бюджеттен жалпы 11 миллион сом бөлүнгөн, анын 3 миллион сому быйыл бөлүндү.
Ал эми экинчи балдар бакчасы Жошолу айылында жаңыдан курула баштады. Имараттын болжолдуу наркы 15 миллион сомду түзөт",- деп билдирет министрлик.