16-20-сентябрда кыргыз жеринде Кувейттин маданият күндөрү өтөт

Кыргыз Республикасынын Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Шарипов 8-июлда Кувейт өлкөсүнүн Маданият, искусство жана адабият боюнча улуттук кеңешинин башкы катчысы Али Юха мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар 2015-жылдын 16-20-сентябрында кыргыз жеринде өтө турган Кувейттин маданият күндөрү жана 20-23-октябрда Кувейтте кыргыз маданиятынын күндөрүн өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан сырткары эки өлкө ортосундагы мамилени кеңейтүүнүн жолдору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан