Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Ата Мекен" социалисттик партиясы борбор калаанын жашоочуларына республикада "Турак жай куруунун жаңы концепциясын" сунуштады. Аталган коомдук угууга шаардын тургундары, жаңы конуштардын лидерлери жана өкүлдөрү катышышты. Жыйындын жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, Бишкектин айланасындагы үй куруучулардын лидерлери менен кызматташуу боюнча билдирүү жасап, келишимге кол коюшту.
Жыйынтыгында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Үй куруучулардын коомдук-саясий биримдигинин төрагасы Жанаалы Шабдырай-Зергер, “Ашар” коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарбек Мурзакулов, Кыргызстандагы үй куруучулардын саясий партиясынын төрагасы Бейшенбек Абдразаков, “Бишкек” коомдук бирикмесинин төрагасы Мухтар Айткулов жана Ак-Өргөө конушунун аймактык, коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы Бактыбек Акматовдор төмөндөгүдөй чечимге келишти.
Акыркы мезгилдеги Бишкек шаарындагы курулуш тармагынын абалы, шаарды өнүктүрүүнүн келечеги, социалдык маселелерди чечүүнүн жүрүшү тууралуу кырдаалды талкуулап, бул багыттагы бир катар концептуалдуу маселелерди чечүүдө позициялардын дал келгендигинен улам тараптар кызматташуу боюнча биргелешкен макулдашууну кабыл алуу зарыл деп табышты.
Буга чейин белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында курулуш тармагы боюнча мамлекеттик саясат жокко эсе. Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын турак жайга болгон укугу мыйзам тарабынан белгиленгенине карабастан, бүгүнкү күндө жүз миңдеген жарандар бул укугунан ажыраган. Өлкөдө турак жайлар аз санда курулуп, сатып алууга көпчүлүк жарандардын каржы жактан мүмкүнчүлүгү жетпейт. Статистикалык маалыматтарга таянсак, республикада 300 миң үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон эмес. Жашоо шарты өтө начар 20 миң үй-бүлө кечиктирилгис көчүү иштерин талап кылат, себеби калктын 30 пайызы бузула турган, эски, авариялык абалдагы үйлөрдө жашоого мажбур болууда.
Турак жай маселесин чечүүдө ипотекалык насыя берүү жакшы жолго коюлган эмес, жеке курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жер тилкелерин бөлүү иштери начар уюштурулган. Учурдагы баа менен катардагы карапайым кыргыздын үй-бүлөсү батир сатып алуу үчүн 21 жыл каражат чогултууга аргасыз. Кыргыз бийлигинин мындай маанилүү социалдык маселелерди чечүүдө мажүрөөлүк кылып жаткандыгын Казакстандын жана Орусиянын көрсөткүчтөрү менен салыштыруудан улам көрүүгө болот. Казакстанда турак жай сатып алууга төрт жыл керектелсе, Орусияда алты жылга жакын убакытта жарандар турак жайга ээ болушат.
Республиканын шаарларында башкы пландын жоктугу баш аламан курулуштардын келип чыгышына шарт түзүп, шаардын архитектуралык жактан көркүн бузуп, келечекте жол кыймылына терс көйгөйлөрдү жаратууга негиз болууда. Айрыкча оор жагдай Бишкек шаарында түзүлүп, борбор калаа айыл жана шаарга, эки башка маданиятка, ал эми анда жашаган калк эки элге бөлүнүп калгандай элес калтырат. Шаардын борбордук бөлүгүндө тиешелүү шарттар түзүлгөнү менен, ошол эле учурда шаардын чет жакасына жол салып, газ киргизип, суу жана канализация, жарык менен камсыз кылып, ошондой эле тиешелүү социалдык инфрастуктураларды (бала бакча, мектеп, маданий жайларын, дүкөн) куруу турмуш зарылдыгы бойдон калууда. Бишкектин жүздөгөн жашоочуларынын каттоолору жок, мунун айынан билим алуу, медициналык жактан тейлөө боюнча жарандар өздөрүнүн укугунан пайдалана албай, коомдук жана саясий турмуштан сүрүлүп калууда.
"Ата Мекен" социалисттик партиясы, үй куруучулардын “Ашар” коомдук-саясий биримдиги, Кыргызстандагы үй куруучулардын саясий партиясы, “Бишкек” коомдук бирикмеси, Кыргызстандагы үй куруучулардын демократиялык бирикмеси, жана Ак-Өргөө конушунун аймактык, коомдук өз алдынча башкаруусу өлкөдөгү мындай абалды талкуулап, төмөндөгүдөй чечимди кабыл алышты:
1. Өлкөдөгү өтө оор маселе болуп саналган турак жай маселесин чечүү үчүн турак жай курулушу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгып жана аны ишке киргизүү үчүн каржы булагын табуу.
2. Тиешелүү тараптардан керектөөчүнү колдоо системин түзүүнү талап кылуу (жетиштүү ипотекалык программалар, жеңилдетилген насыялар, ар түрдүү категориядагы жарандарга жеңилдиктер).
3. Кыргыз Республикасындагы калктын мобилдүүлүгүн арттыруу үчүн социалдык жана ижаралык турак жайларды өнүктүрүүгө таасир этүү.
4. Кыргыз Республикасындагы шаар бийликтерин калктын демографиялык өсүү темпин жана миграциялык жагдайды эске алып, шаарлардын, айылдардын башкы планын түзүп чыгышын мыйзам аркылуу милдеттендирүү.
5. Дачалык кооперативдерге калк жашаган пункт катары статус берүү.
6. Бишкек шаарындагы шаардан сыртка чыга турган жолдордун долбоорун даярдоо жана куруу.
7. Бишкек жана Чүй облусунун бийликтеринде башкы планды кароодо борбордон сыртка тоскоолдуксуз чыга турган же ылдамдатылган трассаларды куруу боюнча макулдашсын.
8. Атуулдардын социалдык колдоолорго болгон укуктары алардын каттоосунан көз каранды болбошу үчүн социалдык жеңилдиктерди жашап жаткан жеринен ала тургандай системге өткөрүү.
9. Кант, Сокулук шаарларына спутник-шаар статусун берип, аталган шаарларда социалдык инфаструктураны түзүп жана Бишкек шаарына карай эмгек миграциясынын санын азайтуу максатында аталган шаарларда жумушчу орундарын түзүү.
10. Өздөрү таасир эте албаган жагдайлардан улам кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамдаштыра албаган менчик ээлерине турак жайларына легалдуу статус алуусун шарттаган жаны мыйзамдарды кабыл алуу менен маселени чечүү.
“Ата Мекен” социалисттик партиясы жана аны колдогон саясий жана коомдук бирикмелер биргелешүү аркылуу Кыргыз Республикасынын алдындагы социалдык жана экономикалык тапшырмаларды мыйзам алкагында чечүүгө болот деп ишенет. Партия жана аны колдогон саясий жана коомдук кыймылдар аталган кайрылуунун текстинде белгиленген тапшырмаларды чечүүгө даяр экендиктерин билдирет.