Алмазбек Атамбаевди Уфанын аэропортунан Башкортостандын президенти тосуп алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 9-июлда Башкортостан Республикасынын Уфа шаарына иш сапары менен барды. Аэропорттон мамлекет башчыны аталган өлкөнүн президенти Рустэм Хамитов тосуп алды. 

Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. ШКУнун кезектеги отурумунда уюмдун алкагында мындан ары өз ара аракеттенишүү маселелери, ошондой эле аны өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан