ЕАЭБге кошулуу шартындагы экономикалык жана каржылык чөйрөдөгү маселелер талкууланды

9-июлда өкмөт башчы Темир Сариев Евразиялык экономикалык комиссиянын экономикалык жана каржылык саясат боюнча министри Тимур Сулейманов баш болгон аталган комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушууда кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу шартындагы экономикалык жана каржылык чөйрөдөгү аткарылып жаткан иштер жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Темир Сариев ЕАЭБге кошулуу боюнча келишимди макулдашуу жараянын бул уюмдагы өнөктөш өлкөлөр жакынкы күндөрү толугу менен аякташарын белгилеп, чек араларды ачууга даярдык толук кандуу жүрүп жатканын билдирди.

Өз кезегинде Сулейманов бул тармакта Кыргыз Республикасынын укуктук жана инфраструктуралык чөйрөдө даярдыгы өз мөөнөтүндө жана өз деңгээлинде жүрүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан