Өкмөт башчы "Жер-Үй" алтын кенинин иши менен таанышуу үчүн Талас облусуна жөнөп кетти

Бүгүн, 10-июлда өкмөт башчы Темир Сариев бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна жөнөп кетти. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Сариев сапар жүрүшүндө Талас районундагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү боюнча иштер менен таанышат. Муну менен катар жергиликтүү эл менен жолугуп, аймактын көйгөйлүү маселелери боюнча пикир алмашат.

Ошондой эле Манас районундагы “Чоң-Капка” бажы өткөрмө пунктунун жана Кара-Буура району, Талас шаарындагы өнөр жай жана объекттеринин абалы менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан