Алмазбек Атамбаев агасы каза болгонуна байланыштуу Уфадагы саммиттин алкагында пландалган жолугушууларды өткөрбөйт

Президент Алмазбек Атамбаев агасы Калыйбек Шаршеновдун каза болгонуна байланыштуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында пландалган эки тараптуу жолугушууларды токтотту. Бул тууралуу 10-июлда президенттин басма сөз катчысына шилтеме берүү менен орусиялык басылма жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, мамлекет башчы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин отурумунун расмий бөлүгү бүткөндөн кийин Бишкекке кайтып келет. Саммиттин жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин башчылары менен жолугушуусу пландалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан