Бишкекте акча уурдоо фактысы боюнча шектүү айым кармалды
Кечээ Бишкек шаарынын тургуну 7-ноябрда "Дордой Плаза" соода борборунан акчасын уурдатып жибергени тууралуу арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Арызда 8 миң 90 сом жана 200 доллар акча каражаты жөнүндө кеп болот. Свердлов райондук ИИБинин иликтөө иштеринин аркасында уурулукка шектелип К.Алтынай кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.