Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-индиялык кызматташуунун соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы маселелери талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын премьер-министрин тосуп алып: “Бүгүнкү жолугушуубузга жана сиз менен Кыргыз Республикасы жана Индиянын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын. Кыргыз мамлекети сиздин өлкө менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Сиздин бул сапарыңыз мамилелерибизди мындан ары активдештирүүгө түрткү берет деп ишенем”.
Өз кезегинде Нарендра Моди жылуу кабыл алгандыгы үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык айтып, кыргыз-индиялык мамилелердин ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен билдирди.
Нарендра Моди Кыргыз Республикасы башкаруунун парламенттик формасын тандап алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө экендигин белгиледи. “Мен Борбордук Азияга келгендигиме абдан кубанычтамын. Кыргыз Республикасына биринчи ирет келдим. Мен бул жерге келгениме сыймыктанам. Кыргыз мамлекети региондогу жана дүйнөдөгү өлкөлөргө жакшы үлгү болуп, дем берип турат”,- деди ал.
Тараптар Модинин сапары эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кубаттуу түрткү берет деген ишенимин билдиришти.
Андан соң жолугушуу кеңири курамдын катышуусунда улантылат.