Бишкекте Махатма Гандинин айкели ачылды

12-июлда Бишкекте улуу ойчул жана гуманист Махатма Гандинин айкели ачылды. Ага өкмөт башчы Темир Сариев жана кыргыз жерине расмий иш сапары менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышты. Ошондой эле салтанатка Бишкек шаарынын тургундары жана кыргыз жеринде билим алган индиялык студенттер да катышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты. 

Сариев Махатма Гандинин Бишкекте айкелинин ачылышы абдан маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Махатма Ганди улуу ойчул, рухий лидер болуу менен бирге өз элинин эгемендиги үчүн күрөшкөн инсан. Гандинин окуусу бүткүл дүйнө жүзүндө мааниге ээ болуу менен фундеманталдык, жалпы дүйнөлүк улуу идеялары бааланып келет. Мунун бир мисалы катары дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндөй эле кыргыз жеринде да айкелинин ачылып жатканын айтсак болот. Бул айкелдин ачылышы Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы достук мамиленин мындан аркы өнүгүшүнө салым кошот”,- деди Темир Сариев.

Ошондой эле Сариев учурдагы дүйнө терроризм, экстремизм сыяктуу ар кыл чакырыктар менен күрөшүп, коопсуздук абдан маанилүү болуп турган учурда Махатма Гандинин демократия, толеранттуулукка негизделген окуусунун мааниси артып жатканын белгиледи.

Нарендра Моди Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин айкелин ачууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн кыргыз өлкөсүнүн элине жана жетекчилерге ыраазычылык билдирди. Моди Ганди Индияда туулуп-өскөнү менен, бүткүл дүйнөгө жол көрсөткөн лидер экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасы менен Индия географиялык жактан эле жакын болбостон, тарыхый, маданий жактан көп окшоштуктары бар экенин айткан Моди Индия элинин “Рамаяна” эпосу болсо, кыргыз элинин “Манас” эпосу бар экенин эске салды.

“Кыргыз мамлекети демократиялык өнүгүү жолун тандады. Айрымдар узак жылдар авторитардык башкарууда болгон өлкө кантип демократиялык жолго түшсүн деп таң калды. Бирок бул жаатта алгылыктуу жетишкендиктерге жетишкенине күбө болдум”,- деди Моди.

Муну менен катар кырыз өлкөсүнө болгон сапары учурунда өлкө жетекчилиги тарабынан абдан жогорку сый-урматка татыганын билдирип, муну Кыргыз Республикасынын Индия элине көрсөткөн сый-урматы катары кабыл аларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eldiyar85
2015-07-13 11:04:14
Ото жонокой кишиго , колду чонтоко салып, сандали кийип алып турат жапжакшынакай эле болуп
0
Rifle
2015-07-13 11:07:16
Бул киши бизге кандай салым кошкон?
Неге мындай чон кочого, каяктагы бироонун аты коюлат? Мен каршымын. Кыргыздын чыгаан адамдары коп.
0
sirgak_92
2015-07-13 11:17:19
Rifle, сизге кошунам мен мындай адамды тааныбайт кенмин
0
shutUP
2015-07-13 11:51:29
sirgak_92,сен озу бирдеме окусан тааныйсынбы?
0
bakaiBBBB
2015-07-13 12:55:18
Кыргызстанды 1 Озбек 2 Кытай 3 Индустар баса турган болду. Индустардын журум туруму мага жакпайт такыр башка булар биз кинодон коргон сулуу индустар эмес экен корсо
0
KGstan81
2015-07-13 20:36:12
мен ойлопмун сурот Дели шаарында тартылган деп
0
KGstan81
2015-07-13 21:17:04
Карагылачы индустар озунун пр.министирини Моди деп шамдуу кыйкырышып тосуп алышты. А биздин президентичи жалангана дежурныйлар атайын даярдалган адамдар тосуп алышат.
0
kykenbai
2015-07-14 00:38:38
Кочонун аты Ганди, Гандинин айкели. Жооду ондоо ж-а айкел учун Индустар акча бериштиби же жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан