24-февралда Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Куюк ашуусунда жол кырсыгы болуп, 3 адам каза тапты. Ошондой эле 30 адам ар кандай жаракаттарды алышканын жергиликтүү маалымат булактары жарыялады. Жабырлануучулардын ичинде кыргызстандык 1979-жылы төрөлгөн А.Атабаева аттуу жаран дагы бар. Маалым болгондой, жол кырсыгында эки автобус сүзүшкөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы кабарланды.