Франциянын ар кайсы аймактарында өткөн «Fête de la musique» көчө музыка фестивалынын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кол салууга дуушар болушту. Бул тууралуу France24 агенттиги маалымдады.
Белгилүү болгондой, 145 адам полицияга белгисиз адамдар тарабынан шприц менен укол жасалганы тууралуу арыз менен кайрылышкан. Франциянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, айрым жабыркагандар токсикологиялык анализдер үчүн ооруканага жеткирилген. Учурда 12 шектүү кармалды.
Фестиваль алдында Snapchat жана башка социалдык тармактарда майрамга келген аялдарга карата кол салууга чакырыктар тараган.
Франциянын батышындагы Ангулем шаарында төрт адам камакка алынды. Le Monde басылмасы алардын 50 адамга шприц менен кол салууга шектелип жатканын жазды. Жергиликтүү прокуратуранын маалыматы боюнча, ооруканага 16 жабырлануучу кайрылган, алардын көпчүлүгү- өспүрүм курактагы кыздар.
Бардык жабырлануучулар колунда, бутунда же моюнунда уколдун издери пайда болгонун байкашкан. Андан соң алар өздөрүн начар сезип, ооруканага кайрылышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.