Бишкекте 16-июлда согушчандарды кармоо операциясында келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселеси боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдиргендей, комиссия тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чыгымдын көлөмүн аныктоодо.
"Келтирилген зыян боюнча алдын ала маалыматтар жакында дайын болот. Биринчи кезекте жабыркаган жарандарды тийиштүү жашоо шарты менен камсыздоо керек. Кыска мөөнөт ичинде жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча зарыл чаралар кабыл алынууга тийиш”,- деп билдирди Маматалиев.
Комиссия мүчөлөрү окуя болгон жерге барышып, тармактык ведомстволордун жетекчилерине калыбына келтирүү процессин тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилгенин билдиришти өкмөттөн.