Ош – Кара-Суу унаа жолу эки тилкелүү болуп курулат

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев иш сапары менен Кара-Суу районуна барып, Ош – Кара-Суу унаа жолунун оңдоп-түзөө иштерине карата даярдыктарды жеринде көрдү.
Иш сапардын алкагында жаңы жолдун болжолдуу долбоору талкууланып, кошумча сунуш-пикирлер айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн жыйында аталган унаа жолунун курулушу жакын арада башталарын маалымдаган.
Ушул билдирүүгө ылайык, облус жетекчиси Жантаев тиешелүү жетекчилерге долбоорду кыска мөөнөттө бүтүрүү жана ишке ашырууга байланыштуу конкреттүү тапшырмаларды берди.
Болжолдуу долбоорго ылайык, Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат. Жолдун эки тарабында велосипед жолдору жана жөө адамдар үчүн тротуарлар салынат. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системи орнотулуп, жолдун ортосу көрктүү гүлзарлар менен кооздолот.
Бул долбоор шаардык жана райондор аралык транспорттук кыймылды жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан