Президент Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышында 500 миң сом берди

Бүгүн, 21-июлда президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышында өз каражатынан 500 миң сом берди. Өлкө башчы акчаны спорттук залды керектүү шаймандарга толтуруу үчүн колдонууну буюрду.

Спорттук залыңарды көрдүм, мыкты салыныптыр. Бирок ичи бош экен, аны толтурууга берилген каражат жетпесе, министрлик аркылуу дагы 500 миң сом же миллион сом берүүгө макулмун.

Жаңы имаратыңар ак жолтой болсун. Силер бизди сактагандай силердин үй-бүлөнү да Кудай колдоп, сактап жүрсүн”,- деди Алмазбек Атамбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан