“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын “Жарык шаар” долбоору ордолуу Ош шаарына да шамын жандыра баштады. Мурда шаардын борбордук көчөлөрү гана жарыктандырылып, көп кабаттуу үйлөрдүн алды Советтер Союзунун убагындагы сынык, күйбөй калган чырактар менен турчу. Ал чырактардын да көбү түп-тамыры менен жок болгон. Караңгы киргенде үйлөрдү аралап жүрүү коркунуч жаратып, айрымдар кеч киргенде үйлөрүнөн сыртка чыгышчу эмес.
Долбоор Курманжан датка аймактык кеңешинин Түштүк-Чыгыш районунун Исанов жана Петров көчөлөрүнөн башталып, бүтүндөй шаарды кучагына алмакчы. Чырактардын коюлушуна сүйүнгөн шаар тургундары жарык менен кошо көңүлдөрүнүн жаркыраганын айтып, партияга ыраазычылыктарын билдиришти.
"Кечкисин караңгыда жүргөндө кыйналып калчубуз. Азыр долбоордун негизинде үйүбүздүн алдына жарык чырактары коюлуп, жаркырап калды. Көп жылдан бери мындай жарык болгон эмес. Кечинде сыртка сейилдөөгө да чыга алчу эмеспиз. Азыр кенен басып, ал гана эмес, сыртта таза аба жутуп, гезит окуса болчудай. Эми кечинде бир жакка барсак да кооптонбой келебиз.
Жарык койгондордун баскан жолу жарык болсун! Биз үчүн чоң майрам болуп жатат. “Өнүгүү-Прогресс” партиясына ыраазычылык билдиребиз. Партия жетекчилери өмүрлүү болсун деп алкайм",- дейт шаар тургуну Флора Маматалиева.
"Биздин 59-үй 48 батирден турат, жаш балдар абдан көп. Кары-картаңдарыбыз да бар. Жарыктын болушу - бала-чака менен жүрүүгө ыңгайлуу шарт жана кылмыштуулуктун азайышы. Азыр жай мезгилинде балдарыбыз менен кечки саат 9-10дорго чейин ойноп, сейилдегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аянтыбыз коноктор келсе да жарык. Алар да кошулуп сүйүнө турган короого айланды. Подъездибиз караңгы болуп, коридордун жарыгы менен сыртка чыкчу элек. Эми светибиз үнөмдөлөт экен. Айланаң жарык болуп турса, кылмыштуулук болбойт, мастар жолобойт. Үй алдындагы автоунаалардан да эмне болду деп кооптонбойбуз. “Өнүгүү-Прогресс” партиясына ыраазычылык билдиребиз",- дейт жергиликтүү тургун Минура Абдумаликова.
Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү Эмил Ысманов: "Өнүгүү-Прогресс” партиясынын программасындагы иш-чаралардын бири болгон “Жарык шаар” долбоору Ош шаарында ишке ашып отурат. Азыр Курманжан датка районуна жарык берүүчү чырактарды орното баштадык. Бул Бакыт Төрөбаевдин демилгеси. Айлана жарык болсо, кылмыштуулук азаят, коопсуздукка тынчсыздануу болбойт. Кечкисин кенен жүрүүгө болот, уурулук, тоноп кетүүлөр чектелет. Айрыкча жаш балалуу ата-энелер эрте-кеч балдарын жетелешип сейилдешет. Кары-картаңдар таза аба жутуп сыртта отурушат. Короосу жарык болгон 7-70ке чейинки тургундар ыраазычылыгын билдирип жатышат. Коюп жаткан жарыктандыргыч абдан үнөмдүү, тариф 70 тыйындан эсептелгенде бир айга 4 сом 20 тыйындан гана төлөнөт. Бул үйдөгү кадимки лампочкага караганда 5-7 эсе үнөмдүү. Калаанын жарык болушу баарына жакшы. Жаңы баштадык, элдин баарына жеткиребиз деп турабыз",- дейт.