
Эртең, 17-июлда тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй аймагында +34…+39, Таласта +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл жергесинде +25...+30, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градуска көтөрүлөт.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүн табы +36…+38 градусту көрсөтсө, Ош шаарында абанын температурасы +35…+37 градуска жетет.