Жуманын башында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Майдан айылындагы Шамбет-Сай жергесине барып кайтты. Бул аймактын эли айылдагы көйгөйлөрүн ортого салышты.
Өмүрбек Текебаев андагы шайлоочулары менен жолугуп, "Ата Мекен" фракциясынын 5 жылда жасаган иштери боюнча маалымат берди. Ал жолугушууга 200дөй адам жыйналып, көп жылдан бери өз укугу үчүн күрөшүп келе жатышкандыгын айтышты. Чет элдик инвесторлорбуз деген адамдар алтын казып алабыз деп айылдын четиндеги тоону жардырып жатышканын, өз укугун коргогон элди жергиликтүү бийликтер, милиция басмырлап коркутуп жатышканын, эч ким алардын маселесине көңүл бөлбөй жана жардам бербей жатканын депутат жашоочулардын өз оозунан угуп, айылдыктар менен көпкө баарлашты.
Кен казылып алынып жаткан жер айылдын чети экен, ал эми анын жанынан агып өтүп жаткан атактуу Исфайрам дарыясы кенден болгону 400 метр алыстыкта жайгашкандыктан, экологиялык катастрофага толук алып келиши мүмкүн экенин айылдыктар зар какшап айтышты. Анткени аталган дарыядан 150 миңден ашык калк суу ичип, сугат иштери жүргүзүлөт. Көп калк жашаган Кызыл-Кыя шаарына пайдаланылып, дарыя Өзбекстандын айылдарына чейин агып барат. Демек, дарыя эл аралык мааниге дагы ээ. Элдин нааразылыгына карабай кендин иштетилиши натыйжада экологиялык кырдаалды бузуп, элге, жаратылышка зыян алып келери толук мүмкүн. Бул өз кезегинде жергиликтүү калктын турмуш образына өзгөртүү киргизип, реалдуу коркунуч туудурарын тургундар айтып беришти.
Ал жолугушууда Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен"
фракциясынын көз карашы, принциптери жөнүндө айтып келип: "Кыргыз Республикасынын
табигый байлыктары элдики. Демек, элдин гана кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Жергиликтүү
калктын макулдугусуз тоо кенин иштетүүгө эч кимдин акысы жок. Эгерде бүгүн бул
алтын алынбаса, 50-100 жылдан кийин биздин келечек муунга калат. Ошондуктан
атка
минерлердин зордук менен, элди коркутуу жолу менен чет элдик компанияларга кыргыз жеринин алтынын алып кетүүгө шарт түзгөндүгү - туура эмес саясат. Биз
сиздердин позицияңыздарды колдойбуз",- деп жарыялады.
Эл биринчи жолу борбордон бийлик өкүлдөрү келип ушундай ачык жана так позициясын айткандыгына Өмүрбек Текебаевге терең ыраазычылыгын билдиришти.