Аптанын башында Бишкекте Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева, депутат Наталья Никитенко ("Ата Мекен" фракциясы) тарабынан уюштурулган “Санариптик Кыргызстан – өлкөнүн келечеги” аттуу тегерек стол өттү. Иш-чарага транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов, Экономика министрлигинин адистери, “Кыргыз телекомдун” өкүлү Марат Исманов жана бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Наталья Никитенко азыркы учурдагы Кыргыз Республикасындагы маалыматташтырууну оптимизациялоону, мамлекеттик мекемелерди электрондук системге өткөрүүнү, коммуналдык төлөмдөрдү электрондук систем аркылуу жүргүзүүнү белгиледи. “Интернет технологиясы - коррупция менен күрөшүүдөгү негизги кадам. Ошондуктан атка минерлер буга кызыкдар эмес”,- деди Никитенко.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов жогоруда айтылган электрондук системде иш жүргүзүү боюнча дээрлик бардык иш пландарды ал иштеген мекеме даярдап койгонун, жакында Ак үйдөн тартып бир катар мамлекеттик мекемелерди аталган жаңы технологиялар менен камсыздоого даяр экендигин билдирип, катышуучулардын көңүлүн ушул багытта даярдап келген презентацияга бурду.
Экономика министрлигинин өкүлү мамлекет тарабынан мамлекеттик мекемелерди санариптик системге өткөрүү боюнча керектүү каржы маселелери чечилгендигин жана бул системдин ыңгайлуулугун баяндаган презентациясын сунуш кылды.
Ошентип, талаш-тартыштар, реалдуу сунуштар менен коштолгон тегерек стол өз максатына жетип, өлкөгө маалымат алмашуунун жана мамлекеттин жумушун бир кыйла жеңилдетүүгө аталган заманбап электрондук системдин ролу чоң экендигин катышуучулар билдиришти.