LG G4 смартфонунда батарея кубатынын көпкө жетиши үчүн 6 кеңеш

LG G4 заманбап смартфондору сейрек кездешүүчү мүнөздөмөгө ээ 3000 мАч кубаттуулуктагы жаңы батарея менен жабдылды. Биз сиздерге батареянын кубаттуулугун көпкө жеткирүү тууралуу 6 кеңешти сунуштайбыз. 
1. Керексиз тиркемелерди (приложение) жабыңыз
Бул үчүн "Түзүлүш" - "Жалпы" - "Аккаунттар" дегенге киришиңиз керек жана сизге керексиз синхронизациянын тиркемелерин өчүрүү үчүн менюну колдонуңуз. Смартфонго коюлган түрдүү кызматтарды жана тиркемелерди дыкат карап чыгыңыз жана каалооңузга жараша өчүрүңүз. 
2. Батареяны үнөмдөө режимин иштетиңиз
"Түзүлүш" - "Жалпы" - "Аккумулятор" жана энергия үнөмдөө дегенге кириңиз. Андан кийин "Энергия үнөмдөө" деген функциясын активдештириңиз. Бул параметр "Энергия үнөмдөө" режими автоматтык түрдө жанганда аккумулятордун кубатынын деңгээлин пайыз менен көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. 
3. Колдонууда вибрацияны өчүрүңүз
Бул функцияны өчүрүү үчүн "Түзүлүш" - "Үндөр" - "Кеңейтилген түзүлүш" - "Кошумча" дегенге кирип, аппаратты колдонууда вибрацияны өчүрүңүз.
4. Жайгашкан жерди аныктоо сервисин өчүрүңүз
Эгер сиз GPS навигаторлуу телефон колдонбосоңуз, анда "Түзүлүш" - "Жалпы" - "Локация" - "Режим" дегенге кириңиз. "Аккумулятордун кубатын үнөмдөө" функциясын жандырыңыз. Мында GPS өчүрүлүп, сиздин жүргөн жериңиз Wi-Fi түйүндөрүнүн жардамы менен көрсөтүлө баштайт.   
5. Google Play сервисиндеги маалыматтарды тазалаңыз
"Түзүлүш" - "Жалпы" - "Тиркеме" - "Жүктөлгөндөр" дегенге кирип, Google Play сервисин таап, иконканы басыңыз. Бул терезенин ичинен "Эс тутумду башкаруу" дегенди, андан кийин "Бардык маалыматтарды өчүрүү" баскычын басыңыз.
6. "Snapdragon Battery Guru" тиркемесин орнотуңуз
"Snapdragon Battery Guru" тиркемеси мобилдүү телефондун Snapdragon уюлдук процессорунун базасында батареянын кубатынын көпкө сакталышына мүмкүндүк берет. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akzuura
2015-08-01 16:07:40
Bul sotkanyn baasy kan4a turat'
0
zamakure
2015-08-02 12:06:43
30000
0
zamakure
2015-08-02 12:07:27
30мин
0
Mars55
2015-08-02 15:17:14
30000миндик тел которгондорго экенда жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан