Баткен. Лейлекте “Кадырман карыларыбыз ыр сунат” аттуу кароо-сынак аяктап барат

2012-жыл - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаардык мэриясынын жана айыл өкмөттөрүнүн ардагерлеринин арасында “Кадырман карыларыбыз ыр сунат” аттуу кароо-сынак уюштурулган. Сынак үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында башталып, 15-ноябрда жеңүүчүлөрү аныкталат. Аталган маданий иш-чара улуу муундагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн жашоосун даңазалоо, алардын жаштарга тийгизген таасирин күчөтүү, эл ичиндеги таланттарды издеп таап, моралдык колдоо көрсөтүү жана элибиздин маданий деңгээлин көтөрүү, элге жакшы маанай тартуулоо максаттарын көздөйт. Бул тууралуу бизге Лейлек райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Эрмек Бахабадинов билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан