Бүгүн, 10-августта Ош облустук соту Мелис Мырзакматовдун иши боюнча шаардык соттун чечимине болгон даттанууну карайт. Бул тууралуу Ош облустук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталууда. Бул чечимге макул болбогон жактоочу облустук сотко кайрылган.
Учурда облустук соттун алдында Мелис Мырзакматовдун жакындары турушат. Алар соттун адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылышууда.