Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “КРнын жарандарынын жалпы аскердик милдети жана альтернативдүү кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Документ парламентте быйыл 29-июнда кабыл алынган эле. Мыйзамга ылайык, диний ишениминен улам курал колдонууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөгө болбой турган жарандар аскер комиссариаттары аркылуу атайын эсепке взнос төгүүгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.