Президент
Алмазбек Атамбаев Бишкек-Ош унаа жолунда 4-августта
кырсыкка учураган Мамлекеттик каттоо кызматынын 17 кызматкерине материалдык жардам көрсөттү. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, п
резиденттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан аларга 570
000 сом материалдык жардам бөлүндү. Оор жаракат алган үч кызматкерге көрсөтүлгөн жардамдан 50 000 (элүү миң) сомдон, калган жабыр тарткандарга 30 000 (отуз миң) сомдон
берилет.