Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин отчёту угулду

Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев 19-августта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге өкмөттүн баңгизатка каршы программасында каралган иштердин аткарылышы тууралуу отчёт берди. 
Жыйынтыгында вице-премьер тийиштүү иштер өз убагында жана сапаттуу аткарылганын белгиледи. "Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы башка өлкөлөрдүн баңгизатка каршы күрөшүү кызматтары менен мамиле түзүүгө жетишишти. Мунун жыйынтыгында методикалык, каржылык жана консультациялык жардамдар алынды. Мындай карым-катыш кылуу башка мамлекеттик органдарга үлгү болушу керек",- деди Маматалиев. 
Маалымат алуунун соңунда вице-премьер мекеме башчысынын ишин оң баасын бергенин 20-августта өкмөттөн билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан