Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.