Өз арыздарынын негизинде Сейидали Сейидов менен Калыбек Элтуйбасов парламенттик шайлоого карата "Ата Мекен” партиясы сунуштаган тизмеден чыгышты. Маалыматты тактасак, Сейидали Сейидов Акбар оглы 1995-жылы 23-августта туулган, 20 жашка жаңыдан чыккан, демек, мыйзамдын негизинде, жашы жетпегендигине байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катыша албайт. Экинчи талапкер 1962-жылы 10-июнда туулган Калыбек Элтуйбасов (Салянов) өзү тууралуу берген маалыматтарда так эместиктер болгондугуна байланыштуу тизмеден чыгарылды.
Белгилей кетсек, “Ата Мекен” партиясы алгачкылардан болуп БШКга талапкерлердин тизмесин тапшырып, тизмеге 200 адам кирген. Алардын ичинде көпчүлүгү жаштар экенин белгилесек болот. Талапкерлердин сапаттык көрсөткүчүнө көз жүгүртсөк, аялдардын саны 64 (32 пайыз), башка улуттун өкүлдөрүнөн талапкерлер 33 (16 пайыз), жаш талапкерлердин саны 60 (30 пайыз) жана 2 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.