Төрага Жээнбеков өлкөбүздүн элин Билим берүү күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мамлекетибиздин элин 1-Сентябрь – Билим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. 

Төраганын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер! 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 1-Сентябрь – Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! 

Билим берүү системин туруктуу өнүктүрүү биздин өлкөбүздө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыты болуп калды. Коомубузда дүйнөдөгү эң гумандуу кесип – педагогдун кесибине карата терең урмат-сый кайра жаралып жатат, эл арасында мугалимдин эмгегине эң барктуу жана зарыл иш катары мамиле кылуу калыптанууда. Бүгүн билим чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине өз ишине чексиз берилгендиги, кесипкөйлүгү жана ак ниет эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Азыркы заманга ылайык билим алып, элибиздин руханий байлыктарын сактап, илим-билимди топтоп, өнүктүрүп, аны эркин Кыргыз Республикасынын бакубат келечегине жумшай турган жаштарыбызды да бүгүнкү майрамы менен куттуктаймын! 

Сиздерге бакты-таалай, ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан