Парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары добуш берүү аяктагандан кийин 30 мүнөттүн ичинде белгилүү болот. Мындай маалыматты, бүгүн, 17-сентябрда биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо саат 20:00дө аяктайт деп айтылган. Бирок иш жүзүндө участкаларда акыркы шайлоочу добуш берип бүткөнчө, башкача айтканда, саат 20:15ке чейин созулушу мүмкүн.
"Автоматтык урналар добуш берүү аяктаары менен жыйынтыктарды чыгарып берет, ошону менен биз шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын айта алабыз. Болжолдуу дегеним, анткени өлкө боюнча байланышы жок 20 участка бар. Ал жерлерде добуштарды саноо кол менен ишке ашат",- деди биринчи вице-премьер.