Биометрикалык тестирлөөгө 1 миллион 50 миң адам катышты. Муну бүгүн, 17-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, мындай тестирлөө, биринчиден, шайлоочуларга жаңы аппарат кандай экенин күн мурунтан билүүгө шарт түздү. “Бул тестирлөө биометрика боюнча жүрүп жаткан ушактардын жөнү жок экендигин аныктады. Ал эми 10 миңден ашык операторлор дагы шайлоо күнү гана кезикпестен, 10 күндүн ичинде эл менен идентификацияга катышканга толук мүмкүнчүлүк алышты. Бул жагынан да биз уттук десек болот”,- деди Сарпашев.
Муну менен катар өзүн тизмеден таппай калгандар да болбой койгон жок.
“Тестирлөөгө Ош облусунан 236 468 адам катышты, алардын ичинен 1500 адам өзүн тизмеден тапкан жок. Ал эми Ош шаарында 36 миң адамдын ичинен болгону 69 адам өзүн тизмеден таба албай калды. Бул боюнча да иш жүрүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактардагы өкүлчүлүктөрү менен биздин жергиликтүү бийлик, ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү бул ишти күнү-түнү алып барып жатышат”,- деди вице-премьер.