Шайлоого даярдык: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар 3-октябрда добуш беришет

Парламенттик шайлоого карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар 3-октябрда добуш беришет. Муну бүгүн, 17-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушууда билдирди. 

Т.Сарпашевдин айтымында, ден соолугуна байланыштуу үйүнөн чыга албаган жарандар шайлоо күнүнө 5 күн калганга чейин шайлоо участкаларына арыз менен кайрылышы керек.

Мыйзам боюнча, ден соолугуна байланыштуу үйүндө жаткан жарандар үйүнөн добуш бере алышат. 3-октябрь күнү атайын графиктин негизинде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар биометрикалык аппарат жана үкөк (ящик) менен үйлөрдү кыдырышат. Ушундай эле принцип менен түрмөдөгү жана ооруканадагы жарандар да шайлоого катышат. Айта кетсем, мындай категориядагы адамдардын биометрикалык маалыматтарын биз үймө-үй кыдырып чогултканбыз”,- деди Сарпашев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан