“Биометрика коррупцияга сокку берди” дейт Тайырбек Сарпашев

“Биометрика коррупцияга сокку берди”,- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 17-сентябрда журналисттер менен болгон жолугушууда. Анын айтымында, бүгүнкү күндө канча жаранга жана кимге мыйзамсыз паспорт берилгени аныкталган.

Бир рекорддук учур болду, анда Кыргызбаев деген фамилиянын паспорттогу пини менен 20 адамга паспорт берилген. Бул материалдар күч органдарына өткөрүлүп, териштирүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле 2008-2009-жылдары 21 миң адамга дареги жок паспорттор берилген экен. Учурда алардын 1700ү калды. Бул адамдардын биометрикалык маалыматтары бар, бирок дареги жок болгондуктан, кайсы шайлоо участогуна карай турганын таппай жатабыз.

Муну менен катар бир пин менен 2 паспорт берилген 300 учур табылды. Биз кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин билбейбиз. Аларды Социалдык фонд аркылуу текшерүүдөбүз. Бул боюнча ИИМ иликтөө жүргүзүп жатат. Албетте, күнөөлүүлөр өз жазасын алышат. Дал ушул биометрика бизге паспорттор менен болгон мүчүлүштүктү чыгарып көрсөтүүдө”,- деди Сарпашев.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан