Чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн 26 өлкөдө 36 шайлоо тилкеси ачылды. Мындай маалыматты бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, добуш берүү тилкелери Орусия, Германия, Казакстан жана башка мамлекеттердеги консулдуктарда ачылды.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, чет жакта жүргөн мекендештердин 4598и гана биометрикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. Дагы бир жолу айтып коюш керек, мамлекетибиздин чет өлкөдө жүргөн жарандары да шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, шайлоодо добуш берүүгө катыша албайт”,- деди Сарпашев.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1 пайызга жетпегени гана консулдук каттоодо турат. Калгандары өз алдынча чет жерге чыгып кетишкен жана өздөрү расмий түрдө каттала беришпейт.
Ал эми буга чейинки өткөрүлүп келген шайлоолорго да чет өлкөдө жүргөн жарандардын 5 миңге жетпегени гана катышып келишкен.