Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жер көчкү жүргөн Алмалык айылында болуп, андагы эл менен жолугушту. Мамлекет башчы жер көчкүдөн улам башка жайга көчүрүлүп, убактылуу чатырда жашап жаткан 23 үй-бүлөнүн абалы менен да таанышты.
Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам иретинде 50 миң сом өлчөмүндө кайтарылгыс материалдык көмөк каралган. Андан тышкары үй ээлери 200 миң сом өлчөмүндө үстөк пайызы жок ссуда ала алышат. Ссуданы кайтарып берүү мөөнөтү 20 жыл. Бул туурасында президентке өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдаганын президенттик аппараттан билдиришти.
Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга тез арада жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берип, президенттин социалдык колдоо фондунан жаңы үйлөрдү курууга 5 миллион сом бөлөрүн кошумчалады.
Айта кетсек, Алмалык айылында 13-сентябрда саат 21:00 чамасында көлөмү 5 миллион куб метр болгон жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калуу коркунучу пайда болгон.