Кыргыз-тажик чек арасынан жоокердин эмне себептен жоголгонун иликтөө үчүн 2-ирет комиссия түзүлөт

Кыргыз-тажик чек арасынан жоокердин эмне себептен жоголгонун иликтөө үчүн 2-ирет комиссия түзүлөт. Өкмөт башчы Темир Сариев 17-сентябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге ушундай тапшырма бергенин өкмөттүк аппараттан билдиришти. Мындан мурда түзүлгөн комиссия аскерди издөө ишинде эч кандай жыйынтык берген эмес.

Эскерте кетсек, 23-августта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Кара-Мык" чек ара тозотунун 19 жаштагы аскер кызматкери Бексултан Баардинов күзөттө жүрүп адашып, дайынсыз жоголгон. Анын жанында Калашников автоматы болгон. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматтык иликтөө боюнча жыйынтык отчётунда Б.Баардинов чогуу кызмат өтөгөндөр менен өзүм билемдик кылып аңчылыкка кеткендиги маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан