Караколдун тургундарына юстиция органдарынын иши жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Юстиция органдарына калктын ишенимин жогорулатуу үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Каракол шаарынын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Министрликтин билдиришинче, максат – юстиция органдарынын ишмердүүлүгү жана анын ролун жарандарга түшүндүрүү. Жолугушууда тургундарга биометрикалык каттоо жөнүндө мыйзам, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары, жарандарга акысыз юридикалык кеп-кеңеш берүү борборлору жөнүндө түшүндүрмө берилип жатканы айтылды. Уюштуруучулар мындай иштерди тынымсыз жүргүзүү пландалып жатканын билдиришет.