Шайлоо алдындагы үгүт иштерине жашы жете элек балдарды тартканы үчүн "Азаттык" саясий партиясын шайлоодон четтетүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиянын кезектеги жыйынында БШКнын мүчөсү
Нурмамат Ашимов билдирди. Анын айтымында, аталган партия шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууда.
"Аталган саясий партиянын агитациялык иштеринде кичинекей балдардын шайлоого үгүттөп жаткандыгы көрүнүп турат. Бул мыйзамга туура келбейт.
"Азаттык" партиясына биз бул боюнча 14-сентябрь күнү расмий эскертүү берип, жаш балдар тартылган баннерлерди чечүүнү айтканбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин буйрук аткарылган жок. Мындан улам биз аталган партияга дагы расмий эскертүү берип, ал да аткарылбаса, тийиштүү мыйзамдын 28-беренесине ылайык, партияны каттоодон алып салууну сунуштайбыз",- деди Ашимов.