Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид аль-Мактумга уулунун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты. "Орду толгус жана оор жоготууга учураган сиздин жана жакындарыңыздын кайгысын тең бөлүшөм",- деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Эскерте кетсек, БАЭнин премьер-министринин уулу Рашид бин Мухаммед аль-Мактум 19-сентябрда жүрөгү кармап каза болгон. Ал 34 жашта болчу.