Бишкекте Эсептөө палатасы менен мамлекеттик органдардын ички аудит кызматтарынын кызматташуусу талкууланган тегерек стол өттү. Каржы министрлиги 21-сентябрда билдиргендей, талкуу жыйынтыгында катышуучулар тышкы жана ички аудитти эффективдүү уюштуруу үчүн Эсептөө палатасынын да, министрликтер менен мекемелердин ички аудит кызматтарынын да жыйынтыктарын пайдалануу зарыл деген пикирге келишти. Мамлекеттик аудиттин методологиясын өркүндөтүү боюнча өз ара иштешүү маанилүү экени айтылды.
"Каржы министрлиги мамлекеттик каржыларды башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты, салык салуу жаатындагы фискалдык саясатты, ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясатты иштеп чыгып, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылган аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат",- деп билдирет министрлик.