"Республика боюнча балдардын кризистик борборлору түйүнүн ачууга аракет кылабыз",- деп билдирди социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте кризистик борбордун ачылышында. Аталган министрлик 23-сентябрда билдиргендей, министр мындай борборлор былтыр Нарын шаары менен Талас облусунун Манас районунда ачылганын эске салды.
"Быйылкы жылы Кызыл-Кыя шаарындагы, Ноокат районундагы балдарга оор кырдаалдарда жардамдашчу кризистик борборлордун долбоорлорун колдодук. Зомбулуктан жабыркаган балдар үчүн долбоорлор Лейлек районунда, Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында жана Бишкекте ишин баштайт",- деди министр.
Базарбаев балдарды Коргоо министрлигинин негизги милдеттеринин бири экенин, бул багытта мекемеге бир катар бейөкмөт уюмдар жардамдашып жатканын кошумчалады.