Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 23-сентябрда Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын жашоочулары менен жолугушту.
Облустун инфраструктурасын жакшыртуу тууралуу пикирин билдирген президент Бишкек-Балыкчы-Казарман альтернативдик унаа жолун куруу мындан кийин Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу улантыларын, Тамчы айылындагы аэропорт жакынкы жылдары күнү-түнү аба кемелерин кабыл алуучу толук кандуу эл аралык аэропортко айланарын айтты.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир
жолунун, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолдун курулушунун
аякташы Балыкчы шаарын толук
кандуу логистикалык борборго айлантарын кошумчалады. Мектептердин жетишсиздиги тууралуу суроо берилгенде, президент жакынкы
эки жылдын аралыгында “Жер-Үй”
кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен
бардык авариялык абалдагы мектептер оңдоодон өтүп, жаңы мектептер курулуп, өлкөдө мектептердин тартыштыгы толук чечилерин айтты",- деп билдиришти президенттик аппараттан.