
* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик
Иса Ахунбаев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Иса Ахунбаев Ташкенттеги Орто Азия мединститутун бүтүргөн. Ооруканада врач-ординатор, Кыргыз ССР Саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору, СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасы болуп иштеген.
Республикага эмгек сиңирген врач, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. 3 Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал бир канча жолу эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, хирургиялык конгресстерге катышкан.
1975-жылы 67 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы америкалык актёр
Майкл Дуглас АКШнын Нью-Жерси штатындагы Нью-Брансуик шаарында төрөлгөн. Актёрго атактуулук 1972-1976-жылдары жарык көргөн "Улицы Сан-Франциско" сериалындагы ролунан кийин келген. Майкл Дуглас 1975-жылы "Пролетая над гнездом кукушки" тасмасына продюсерлик кылгандыгы үчүн, ал эми 1987-жылы "Уолл-стрит" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына татыган. Актёр "Жемчужина Нила", "Война Роузов", "Американский президент" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы америкалык актёр, продюсер, композитор, рэп ырчысы
Уилл Смит АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында төрөлгөн. Атасы Уиллард Смит I жеке ишкер, апасы Керолайн мектеп мугалими болгон.
Уилл Смит мектеп жашынан эле рэп менен алектенип, ыр дүйнөсүнө аздан аралаша баштайт. 1989-жылы Уилл Смитке Куинси Жонс аттуу кинорежиссёр тасмага тартылуу сунушу менен кайрылат. Жыйынтыгында актёрдун катышуусундагы “Бель-эйрдик мыкты Ханзаада” аттуу сериал жарыкка чыгат. Бул көп сериялуу кинотасма 6 жыл бою экрандан түшкөн эмес жана мунун натыйжасында актёр чогулуп калган салыктарынан, карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүк алат. Биринчи эмгегинен эле таланттуу экендигин далилдей алган Смитти "NBC" телекомпаниясы жактырып, дароо кийинки фильмдерде роль жаратуу боюнча келишимге кол коюшат. Чыныгы атактуулук актёрго “Тентек балдар”, “Боштондук күн” кинотасмаларынан кийин келген.
* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы АКШнын Сан-Диего шаарынын үстүндө Боинг В727-214 учагы менен Цессна 172 учагы сүзүшүп, 2 учак тең турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинен 144 адам каза болгон.