Коомдук транспорттун 793 айдоочусу кара тизмеге кирди

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров 2025-жылдын 6 айында аткарылган иштерге токтолду.
Борбор калаада 5 автобаза бар, коомдук транспорттун жалпы саны 1520, кызматкерлердин саны 3341.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында 106 миллиондон ашык жүргүнчү, былтыркы жылы 62 миллионго жакын жүргүнчү ташылган. Жол эрежесин сактоо, токтоо эрежелерин сактоо, жол кире акысын төлөө боюнча жыйындар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Бул жыйындарда мыйзам бузуулар да каралып, тартиптик чаралар көрүлүп, "БШТ" МИнин 793 айдоочусу ишкананын кара тизмесинде болсо, анын ичинен 153 айдоочу "ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын айдоочулары, 404ү тартиптик жазага тартылды.
Шаар мэри жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу ташуу үчүн айдоочулар тарабынан эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүнү, ошондой эле накталай эмес төлөм системине толук өтүү планын аткарууну тапшырды.
Ошондой эле шаар башчысы коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан эреже бузууларды көзөмөлдөгөн адистерге стимул берүү маселесин кароо милдетин койду. “Акылдуу аялдама” системин орнотуу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан