Ош мамлекеттик университетинде окуу имараттарын, жатаканаларын модернизациялоо иштери менен биргеликте ири курулуштар жүрүп жатат. 26-сентябрь күнү окуу жайдын медицина факультетине 4 кабаттуу административдик окуу имаратын куруп берүү демилгеси болуп, бул план ишке ашуу алдында турат.
Окуу жайдан кабарлашкандай, аталган имараттын пайдубалына капсула салынып, жакшы тилектер айтылды жана аксакалдар ак батасын беришти.
Аталган окуу имараты 12/15 чарчы метр аянтты түзүп, курулушка кетүүчү каражат университеттин ички эсебинен каржыланат. Окуу имаратын ушул жылдын декабрь айынын аягында ишке берүү пландаштырылган.