28-сентябрга караган түнү Ай тутулуп, Жер шарынын жашоочулары чанда кездешчү кубулушка күбө болушту. Планетабызды Күндөн толгон Ай тосуп, өңү кызылга айланган. Мындан улам бул кубулуш эл арасында "Кандуу Ай" деп аталып калган. Мындан тышкары учурда Ай жерге эң жакын болгон чегине жетүүдө, ошого байланыштуу ал Жердин жашоочуларына кадыресе көлөмүнөн бир топ чоң көрүнөт, бул кубулуш "Супер Ай" деп дагы айтылып жүрөт.
Акыркы жолу мындай астрологиялык окуя 1982-жылы болгон, ал эми кийинки жолу 2033-жылы кайталанат.