№2-аялдардын түзөтүү колониясына Түркия Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк агенттиги тарабынан тигүүчү жабдуулар берилди. Ага Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк агенттигинин президенти Сердар Чам, Түркиянын кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Метин Кылыч катышышты. Өз сөзүндө Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ороз Энтириев 1,3 миллион сомдук жабдууларды кайтарымсыз берген түрк агенттигине ыраазычылыгын айтты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан 28-сентябрда билдиришти.