Борбор калаада дагы бир мыйзамсыз курулуш сүрдүрүлдү. Бул тууралуу 28-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттун чечими менен Заводское айылы, №308-дарегинде 5,60Х3,60 метр өлчөмүндөгү чарба курулушу алынды. Сүрдүрүү Ленин райондук сотунун жана КРнын Жогорку Сотунун токтомдорунун негизинде Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүп, Ала-Арча дарыясынын техникалык өтмөк нугу ачылды.