Салык мыйзамын бузуулар үчүн административдик айыптын минималдуу өлчөмү белгиленди

1-октябрдан тартып салык мыйзамын бузууга ниеттенген административдик укук бузууларды жөнгө салуучу Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан 29-сентябрда билдиришти.

Бул өзгөртүүлөр көбүнчө административдик айыптардын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле салык мыйзамын бузууга ниеттенген административдик укук бузуулардын айрым түрлөрүнө карата жоопкерчиликти аныктайт.

Салык төлөөдөн баш тарткан жана бухгалтердик эсепти бурмалаганы үчүн салынуучу айыптын минималдык өлчөмү жарандарга – 10дон 20га, кызмат адамдарына – 50дөн 100гө, юридикалык жактарга 100дөн 200гө чейинки эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүндө аныкталган.

Белгилей кетсек, КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексиндеги өргөртүүлөргө чейин мындай укук бузууларга карата административдик айыптын максималдуу өлчөмү гана белгиленген.

Кодекстин жаңы редакциясына кээ бир укук бузуулар үчүн юридикалык жактардын жоопкерчиликтери кошулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан